БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Эреже бузуунун бирдиктүү реестринде түкүрүк боюнча бир да учур каттала электигин Sputnik Кыргызстан агенттигине Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматта Эреже бузуу кодексинин 66-79-беренелеринде каралган тартип бузуулар тууралуу иштер өз алдынча башкаруу органдары тарабынан териштирилери айтылат. Эскерте кетсек, 71-берене менен түкүргөн адамга айып пул чегерилет.
"Эреже бузуу катталса, өз алдынча башкаруу органдары бизге материал жөнөтүшү керек. Азырынча эч кандай маалымат жок", — деп айтылат билдирүүдө.
Эреже Биринчи Май районунун аймагында бузулгандыктан, ал кишиге айыпты тиешелүү райадминистрация салышы керек.
Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине азырынча түкүрүгөн киши айыпка жыгыла электигин айтып берди.
"Иш бизге кечээ берилди. Комиссия маселени карап чыгып, эреже бузган кишини кандайча жазалоо керектигин чечет", — деди ал.
Эреже бузуу кодексине ылайык, түкүргөн кишиге алгач эскертүү каралган эмес. Жеке тарап 5 500 сом, ал эми юридикалык жактар 17 000 сомдук айып төлөмөр болот.