Коррупция менен күрөштөн түшкөн акча кайда жумшалат. Президент жооп берди

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча былтыр ачылган атайын эсепке учурда 700 миллион сомдон ашык каражат чогулду.
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Коррупция менен күрөштөн түшкөн акча Бишкек менен Чүй облусундагы мектептерди оңдоп, курууга жумшалат. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушууда билдиргенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.

УКМК: Сапар Исаков ТЭЦти оңдоодо мамлекетке 111 млн. доллар чыгым келтирген
Жолугушууга катышкан жергиликтүү жашоочулардын бири коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражаты боюнча атайын эсеп ачылганын, ал боюнча иштер кандай жүрүп жатканына кызыкты.

Мамлекет башчысы Бишкек менен Чүй облусунда мектептердин жетишсиздигин белгилеп,  коррупция менен күрөштөн түшкөн акча билим берүү борборлорун оңдоп-түзөөгө кетерин айтты.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча былтыр ачылган атайын эсепке учурда 700 миллион сомдон ашык каражат чогулду.