Көйгөйдү чечүү жолдорун айткыла! Шаардык кеңеш элден сунуш күтөт

Долбоордун негизги максаты — калаа тургундары менен байланышты бекемдөө.
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. "Бишкек шаарынын көйгөйлөрү жана аларды чечүү боюнча сиздин сунушуңуз" аттуу пилоттук долбоор ишке киргенин шаардык кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, долбоордун негизги максаты — калаа тургундары менен байланышты бекемдөө.

"Бишкекте көйгөйлөр абдан көп, бирок маселенин бардыгын заматта чечип коюу мүмкүн эмес. Коомчулук тарабынан түрдүү сын пикирлерди дагы угуп келебиз. Буга байланыштуу элден көйгөйлөрдү чечүү боюнча конструктивдүү сунуштарды дагы уккубуз келет", — деди шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров.

Сунуштарды кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын 1-февралына чейин уланат.

"Келген сунуштардын ар бири каралып, тармагына жараша бөлүштүрүлөт. Эгер шаардык кеңештин компетенциясына туура келсе, маселени чечүү аракеттери көрүлөт", — деди Абиров.

Жарандар сунуш-пикирлерди төмөнкү шилтемеге кирип калтыра алат.