Россиялык окумуштуулар астмага каршы дүйнөдө жок дары ойлоп табышты

Учурда дармек клиникага чейинки сыноодон өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Россиялык окумуштуулар астманын негизги механизмин бууй турчу дары ойлоп табышканын "Известия" басылмасы жазды. 

УКМК: фармбарондор дарыгерлерди колго алып койгон
Ага ылайык, Федералдык медико-биологиялык агенттиктин иммунология институтунун адистеринин ойлоп тапкан дарысы астма дартына чалдыккандардын муунуу абалынын алдын алат.

Препарат клиникага чейинки сыноодон өттү. Келемиштерге жасалган тест учурунда ингаляциялык жол менен кирген дары бронхалардын жабыркашын бир кыйла азайткан.

Россиянын илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Муса Хаитовдун айтымында, жаңы дары молекулярдык деңгээлде таасир берип, аллергиялык оорулардын өрчүп кетишине жол бербейт.