Путин бышактаган кызды кучактап, сооротуп, сүрөткө түшкөн видео

Видеодон аларды тартып жаткан аял Путинге улам-улам ыраазылык билдирип жаткандыгын көрүүгө болот.
Sputnik

Россиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербургга барган учурда сүрөткө түшпөй калып ыйлаган кызды сооротуп, аны менен кайра сүрөткө түштү. Бул туурасындагы видеону РИА Новости Россия президентинин маалыматына таянып жарыялады.

Жүрөк канайт... Көзү азиз кыздын Путин менен маектешкен видеосу
Видео YouTube каналына жарыяланган. 

Сапар учурунда Путин Петропавловск чебине барган. Россия лидери менен жергиликтүү эл, ошол жерде жүргөндөр сүрөткө түшкөн. Маалыматта сапардын аягында Путин автоунаага отуруп кетүүгө камынып, бирок сүрөткө түшкөнгө жетишпей калып, ыйлаган кызды байкагандыгы айтылган. Президент автоунаасынан чыгып, тестиерди кучактап, соороткон.

"Ыйлаба, сага эмне болду?" — деп сураган президент андан соң кыз менен сүрөткө түштү.

Видеодон аларды тартып жаткан аял Путинге улам-улам ыраазылык билдирип жаткандыгын көрүүгө болот.

Президент топтошкон элдин арасынан кыздын энесинин колуна жеткенине ынанган соң автоунаасына түшүп жөнөп кеткен.

Путин буга чейин оорукчан баланын кыялын орундатып, тик учак менен шаар кыдырткан.