Алмазбек Атамбаев Индияда эс алууга камынып жатат

Буга чейин социалдык тармактарда Атамбаев Кыргызстандан чыгып кетүүгө аракет көрүп жатканы тууралуу кабарлар тарап кеткен болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев 11-январда Индияга кыска мөөнөттүү өргүүгө барарын КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Ал ошондой эле Атамбаев мамлекеттик кызматкер эмес, эркин адам болгондуктан каалаган жагына барууга укугу бар экенин кошумчалады.

"Ооба, Атамбаев партиянын иштеринен эс алуу үчүн кыска мөөнөттүү өргүүгө чыгат. Ал мамлекеттик кызматкер эмес, эркин адам болгондуктан каалаган жагына барууга укуктуу. Мындан саясат издөөнүн кереги жок", — деди ал.

Жолдубаева, андан сырткары, экс-президент 21-январда Кыргызстанга кайтарын кошумчалады.

Буга чейин социалдык тармактарда Атамбаев Кыргызстандан чыгып кетүүгө аракет көрүп жатканы жана кайтып келбей турганы боюнча кабарлар тарап кеткен.