Көчөгө түкүрүнгөн милиционердин аты-жөнү жана иштеген жери аныкталды

Милициянын формасын кийген үч кишинин бири көчөдө тамеки чегип, түкүрүп жаткан видеосун күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине жиберген.
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Аялдамада чылым чегип, түкүрүнүп турган милиция кызматкери кайсы жерде иштээри жана ким экени аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, милициянын формасын кийген үч кишинин бири көчөдө тамеки чегип, түкүрүп жаткан видеосун күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине жиберген

Милициянын формасын кийген киши көчөдө беш ирет түкүрдү. Күбөнүн видеосу

"Бул факты боюнча облустук ички иштер бөлүмүндө иликтөөлөр жүргүзүлүп, көчөдө түкүрүнгөн милиционердин ким экени аныкталды. Ал Чүй ОИИБинин кайгуул посттук кызматында иштеген милициянын старшинасы болуп чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Премьер: түкүрүк боюнча айыпты карап чыгыш керек. Видео
Ошондой эле ал КРдин Эреже бузуулар жөнүндөгү кодексинин 71-беренесин ("Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө") жана 14-главасын ("Абатташтырууну кайтаруу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар") бузгандыгы кошумчаланды.

Мындан улам чечим кабыл алуу үчүн топтолгон материалдар Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнө жиберилди.

Белгилей кетсек, 1-январдан тарта Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекс күчүнө кирген. Ага ылайык, көчөдө түкүргөндөргө 5500 сом айып салынат. Ал эми юридикалык жактар 17 миң сом төлөйт.

Ал эми тыюу салынган жерде чылым чеккендерге эскертүү берилет же I категориядагы айып салынат, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом өлчөмүндө.