БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандагы Кытай жарандарына байланыштуу абалга түшүндүрмө берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 7-январда Бишкекте Кытай жарандарынын мыйзамсыз миграциясына байланыштуу митинг өткөн.
Боронов акыркы мезгилдерде коомчулукта Кыргызстанда Кытай жарандарынын жүрүүсүнө тийиштүү жана Кытай жарандары тарабынан Кыргызстанды экспанциялоо жүрүп жатат деген сыяктуу ар кыл маалыматтар таркап жатканына токтолду.
"Айрым билдирүүлөрдө эгерде Кыргызстан Кытайга болгон карыздан кутулбаса, өлкө аймагынын бөлүгүн берүүгө мажбур болот деп айтылууда. Бул чындыкка жатпайт, мындай келишим жок жана болуусу мүмкүн эмес. Бул теманы биздин эки тараптуу мамилелерге зыян келтирүүгө аракеттенген адамдар жайылтууда", — деди ал.
Биринчи вице-премьер быйыл эки мамлекеттин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 27 жылдыгы белгиленерине токтолду. Андан сырткары Кытай Кыргызстанга ар дайым колдоо көрсөтүп, кайтарымсыз жардамдарды берип келгенин белгиледи.
Ал маалымдагандай, Бишкек шаарында жолдорду реконструкциялоо жана курууга 100 миллион АКШ долларынын тегерегинде каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары, Ош шаарында 26,4 миллион АКШ долларына бааланган заманбап оорукана комплекси курулган. Ошондой эле баасы 32 миллион доллар турган ирригациялык тутумду өнүктүрүү боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.
"Кытай башкы инвесторлорубуздун бири болуп саналат. Бүгүнкү күнү кытай ишканаларынын саны 397ни түзөт, мындан тышкары 177 кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары бар. Кытай инвестициялаган ири ишканалардан түшкөн салыктын көлөмү 2018-жылы – 3,8 миллиард сомду (2017-жылга салыштырмалуу өсүү 20%) түзгөн, – деди Боронов.
Маалымат жыйындын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча 2018-жылы Кыргызстандын аймагына 35 миң 215 Кытай жараны келгенин (2017-жылга салыштырмалуу азаюу байкалууда – 41 307 жаран), ошол эле учурда Кыргызстандан 34 миң 436 Кытай жараны (2017-жылы – 40 690 жаран) чыгып кеткенин маалымдады.
Жыйынтыгында Кубатбек Боронов социалдык тармактардагы чагымга алдырган чакырыктардын жайылтылышы боюнча аракеттер жана түрдүү акциялардын баары мыйзамсыз жана бул өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга багытталганын белгилеп кетти.
Буга байланыштуу ал жарандарды деструктивдүү мүнөздөгү жалган маалыматтарга алдырбоого чакырды.