Радио

Бакетаев: быйыл төрт бала бакча курабыз

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев шаарда 85 бала бакча бар экендигин маалымдады.
Sputnik
Бакетаев: быйыл төрт бала бакча курабыз

Калаа тургундары үчүн кеминде дагы 40 бала бакча талап кылынат. Бул тууралуу Алмаз Бакетаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ушундай эле кырдаал шаардык орто билим берүү мекемелеринде дагы орун алган.

"85 бала бакча шаар үчүн жетишпейт. Кеминде дагы 40ты ишке бериш керек. Быйыл төрт бала бакча курабыз деген планыбыз бар. Андан сырткары, союз урагандан кийин бир топ бакча башка мекеме жайга сатылып кеткен. Ушул тапта ал жайлардын 3-4үн кайра бала бакчаларга кайтарып берүү боюнча соттун чечими бар. Мектептер боюнча деле кырдаал ошондой. Шаарда 96 мектеп бар. Анда 157 миң окуучу окуйт, бирок сыйымдуулугу 75 миң окуучуга гана эсептелген", — деди Бакетаев.

Ошондой эле ал маселени чечүү үчүн жакын арада 24 орто билим берүү мекеменин сыйымдуулугун кеңейтүү боюнча мерчемдер бар экендигин кошумчалады.