Кыргызстанда электромобилдер мындан ары бекер каттоого алынат

Буга чейин электркыймылдаткычтуу машиналарды каттоо анын наркынын 5 пайызын түзүп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кыргызстанда быйылтан тарта электромобилдерди каттоо жана кайра каттоо бекер болорун Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Кыргызстанга кайсы унааларды бекер алып кирүүгө болот? Өкмөттүн билдирүүсү
Мекеменин маалымдашынча, буга чейин электркыймылдаткычтуу машиналарды каттоо анын наркынын 5 пайызын түзүп келген. Ал эми кайра каттоодо автоунаанын наркынын 0,3 пайызын түзгөн. Эми ал нормага өзгөртүү киргизилүүдө.

Быйылтан тарта электромобилдер бардык төлөмдөрдөн бошотулду. Ал эми гибриддерди каттоонун баасы эки эсе азайды.

Белгилей кетсек, былтыр жайында Кыргызстанга жеке тараптар ташып кирген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмү төмөндөтүлгөн болчу.