БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жердин титирегени Панфилов районунун Өтмөк айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.