Мушкер кызды тономок болгон ууру таяк жеди. Сүрөт

27 жаштагы Виана карьерасын 2013-жылы баштаган. Ошондон бери 12 мелдеш өткөрүп, 10унда жеңишке жеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Мушкерлердин абсолюттук чемпионатына (UFC) катышып жүргөн бразилиялык мушкер кыз Польяна Виананы тоногусу келген ууру таяк жеп калды. Бул тууралуу UFC жетекчиси Дана Уайтка шилтеме берип MMA Junkie сайты жазды.

Мушкер Рио-де-Жанейро шаарында өз үйүнүн жанында такси күтүп турган маалда жанына бейтааныш адам келип, "каршылык көрсөтпөй телефонуңду бер, менин куралым бар" деп талап койгон.

Кыжыры келген Виана ууруну бир нече ирет уруп, муунтуу ыкмасына алган. Ошол маалда өтүп бара жаткандар полиция чакырып, бети-башы көгала болгон жаранды кармап кетишти. Кийин UFC жетекчиси Дэйна Уайт анын сүрөтүн өзүнүн Instagram баракчасына жүктөгөн.

27 жаштагы Виана карьерасын 2013-жылы баштаган. Ошондон бери 12 мелдеш өткөрүп, 10унда жеңишке жеткен.