БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы калаадагы базарлар менен көчөлөрдө рейд өткөрүп, аймактарды иретке келтирүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен маалымдашты.
Учурда "Орто-Сай" базары менен "Ала-Тоо" аянты тазаланууда.
"Рейддин жыйынтыгында "Орто-Сай" базарында уруксат кагазы жок жана арыктын үстүнө орнотулган курулуштар алынды", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми "Ала-Тоо" аянтындагы уруксаты жок иштетилип жаткан велосипеддер, тир жана жайма базарлар жыйналды.