БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. АКШнын Невада штатында өлүм жазасына кесилген Скотт Дозьер абактагы камерасынан өз жанын кыйды. Бул тууралуу St. Louis Post-Dispatch гезити жазды.
Маалыматка ылайык, Дозьер абактагы жашоосун жашоо эмес, кыйноо экенин буга чейин айтып келген. Ал 2002-жылы Лас-Вегаста адам өлтүргөнү үчүн абакка кесилген. Тергөөнүн жүрүшүндө соттолгон жаран дагы бир кишинин өмүрүнө забын болгону аныкталып, анын жазасы катуулатылган.
2007-жылы Дозьер өлүм жазасына кесилген. Бирок керектүү препараттын жоктугунан чечим ишке ашпай келген.