Кыргызстанда Бизнес-омбудсмен институту түзүлмөй болду. Эмне иш кылат?

Институт ишкерлердин эркиндигин, кызыкчылыгын коргойт.
Sputnik

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бизнес-омбудсмен институтун түзүү жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган институт ишкер субъектилеринин укугун, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу жак болуп саналат.

"Бизнес-омбудсмен ага жүктөлгөн милдеттерге жана укуктарга ылайык, ишкерлик субъектилердин бузулган укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоп, бузулушунун алдын алуу максатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин ачык алып барууга көмөктөшөт", — деп айтылат маалыматта.

Коопсуз шаар: Бишкектеги алгачкы камера тесттик режимде иштей баштады
Бизнес-омбудсмендин өз катчылыгы болот, ал ишкерлердин кайрылууларын жана даттанууларын карайт. Катчылык мамлекеттик орган болуп саналбайт жана аларга отчеттуу эмес.

Бизнес-омбудсмен кызмат ордун каалаган жаран, чет элдиктер дагы ээлей алат. Бизнес-омбудсмен кызматка беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Ошол эле учурда бир эле адам бул кызматты эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт.

Бизнес-омбудсмендин ишмердигин каржылоо эл аралык өнөктөштөрдүн эсебинен ишке ашырылат.