Өзбекстанда никеси жок түгөйлөргө мейманканада түнөөгө уруксат берилди

Мурда коңшу өлкөдө никеси жок кыз-жигит мейманканадан бөлмө ала алчу эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Өзбекстанда мейманкана бизнесин жүргүзүүнүн шарттары өзгөртүлдү. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды. 

Документте биринчилерден болуп жарандардын жеке жашоосуна коюлган чектөөлөр алып салынды.

"Эми түгөйлөр кайсы жерде жашаганына, жарандыгына жана никеде турган-турбаганына карабай мейманкана кызматын колдоно алат. Мурда жазылбаган мыйзамга ылайык, никеде турбаган аял менен эркекке мейманканалар бөлмө беришчү эмес. Муну сойкулукту жана ойноштукту алдын алуу үчүн жасашчу", — деп айтылат макалада.

Мындан тышкары, мейманканаларда ичимдик сатуу жана тамактануу жайларын ачуу үчүн мурдагыдай атайын уруксат алуу зарылдыгы алып салынды.

Ошондой эле буга чейин өзбек мейманканалары конокторун автобекет, темир жол жана аэропорттон тосуп алуу жана узатуу үчүн транспорттук кызматтарды мамлекеттин уруксаты жок аткара алчу эмес. Бул чектөө дагы жоюлду.