Күбө: Бишкекте төрт автоунаа кагышты, жабыркагандар бар

Окуянын күбөсүнүн айтымында, кырсык болгон жерден бир кишини Тез жардам автоунаасы алып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Бишкектеги Токтогул менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде төрт автоунаа кагышканын күбө жеринен билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы түнкү саат 11:00дөр чамасында болгон.

1 / 2
Бишкектеги Токтогул менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде төрт автоунаа кагышты
2 / 2
Жол кырсыгы түнкү саат 11:00дөр чамасында болгон.

Ага ылайык, Nissan Pathfinder, Honda Fit, Toyota Ist жана Lexus үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кагышкан.

"Кырсык болгон жерде милиция менен Тез жардам кызматынын автоунаасы жүргөн. Жабыркаган бир кишини Тез жардам кызматы алып кетти", — деди күбө.

Шаардык милициянын нөөмөт кызматы жол кырсыгы болгонун ырастап, окуя болгон жерге инспекторлор чыгып кеткенин айтты.

"Инспекторлор чыгып кетишти. Алар жол кырсыгы кандай болгонун, кайсы үлгүдөгү автоунаалар кагышканын жана жабыркагандардын бар-жогу тууралуу протокол түзүшөт. Толук маалымат кийинчерээк берилет", — деп нөөмөт бөлүмүнөн кабарлашты.

Күбөнүн билдиришинче, Honda Fit менен Lexus үлгүсүндөгү жеңил автоунаа катуу жабыркаган.