Борбор калаада футзал боюнча эл аралык турнир башталды

Анда Казакстан, Кыргызстандан чогулган 54 команда 500дөн ашык оюнчулары менен күч сынашат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Борбор калаада футзал боюнча эл аралык турнир башталды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

1 / 4
Борбор калаада футзал боюнча эл аралык турнир башталды
2 / 4
Маалыматка ылайык, "Наристе-2019" аталышындагы мелдеш 8-январга чейин уланат
3 / 4
Анда Казакстан, Кыргызстандан чогулган 54 команда 500дөн ашык оюнчулары менен күч сынашат
4 / 4
Олимпиадалык эмес спорттун түрү боюнча дирекция жана Кыргызстандын футзал лигасы уюштурган иш-чаранын максаты — аталган спорттун түрүн, сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу.

Маалыматка ылайык, "Наристе-2019" аталышындагы мелдеш 8-январга чейин уланат. Анда Казакстан, Кыргызстандан чогулган 54 команда 500дөн ашык оюнчулары менен күч сынашат.

Олимпиадалык эмес спорттун түрү боюнча дирекция жана Кыргызстандын футзал лигасы уюштурган иш-чаранын максаты — аталган спорттун түрүн, сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу.