Футбол боюнча Азия чемпиону биринчи оюнда жеңилип калды

Кыргызстандын курама командасы тайпалык мелдеште биринчи оюнун 7-январда ойнойт.
Sputnik

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Австралиянын футбол командасы, Азиянын учурдагы чемпиону континенттеги кубоктун биринчи оюнунда жеңилип калды.

Белгилей кетсек, учурда Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) футбол боюнча Азия биринчилиги өтүп жатат.

КРдин футбол боюнча курама командасы Жаңы жыл күнү Палестинаны утуп алды
6-январь күнү А жана В тайпаларындагы командалар беттештерди өткөрдү.

А тайпасында Таиланд менен Индия кездешип, индиялыктар 4:1 эсебинде утуп алды. Бахрейн менен БАЭнин беттеши 1:1 эсебинде аяктады. Ал эми Таиланд өз тайпасында эң акыркы орунда келе жатат.

Австралия менен Иордания В тайпасында атаандашып, оюн 0:1 эсеби менен жыйынтыкталды. Ал эми Сирия менен Палестина 1:1 эсебинде тең чыкты. Бул топто эң акыркы орунда Австралия калууда.

Бүгүн жашыл майданда Кыргызстан менен Кытайдын (С тайпасы), Түштүк Корея менен Филиппиндин (C тайпасы) жана Иран менен Вьетнамдын (D тайпасы) курама командалары ат салышат.