Радио

Бообекова: үй-бүлө курууга жигит көбүрөөк даярданышы керек

Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова кыздар кичинесинен тарта психологиялык жактан башка бирөөнүн үй-бүлөсүнө барууга даяр болорун айтты.
Sputnik
Бообекова: үй-бүлө курууга жигит көбүрөөк даярданышы керек

Үй-бүлө бекем болсо, мамлекет да бекем жана күчтүү болот. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыз балага караганда жигиттер үй-бүлө курууга көбүрөөк даярданышы керек.

"Үй-бүлөнүн бекемдиги — коомдун бекемдиги. Коомдун фундаментин үй-бүлө түзөт. Ошондуктан бул нерсеге олуттуу мамиле кылуу зарыл. Негизи кыз кишиде башка бүлөнүн мүчөсү болору тууралуу ой кичине кезинде эле сиңип калат. Ошол кезден тарта ал үй-бүлө курууга психологиялык жактан өзүн аз да болсо даярдай баштайт. Ал эми жигиттерде андай нерсе жок. Мындай учурда алар кыздарга караганда көбүрөөк даярданышы талап кылынат. Бир үйдүн жүгүн, жоопкерчилигин алып кетүүгө көз жеткенде гана баш кошуу керек. Ал эми ата-эне жана мектеп бул нерсени үйрөтүшү шарт", — деди Бообекова.

Психолог үй-бүлөнүн бекемдиги бири-бирин сыйлоодон башталарын кошумчалады.