Тамеки чегүүгө болбой турган жерлер. Мыйзамдагы урунттуу учурлар

Кайсы жерде чылым тартууга болбой турганын жана ал үчүн канча айып салынарын билип алыңыз.
Sputnik

Бул материалда 1-январдан тарта күчүнө кирген Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстен жана 2006-жылы кабыл алынган "КР жарандарынын ден соолугун тамекинин жана аны керектөөнүн зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндөгү"  мыйзамындагы (акыркы жолу 2017-жылы редакцияланган) маанилүү нерселер топтолду.

Кайсы жерде тамеки тартууга болбойт?

Мыйзамда тамеки чегүү, анын ичинде кальян жана башка кошулмаларды тартууга толук тыюу салынат:

Премьер Абылгазиев айып пул тууралуу: тартип бузгандар жазасын алышы керек
— менчик ээсине карабастан бардык билим берүү уюмдарында, балдардын эс алуу жайларында;

— Саламаттык сактоо жайларында;

— өрт чыгуу кооптуулугу жогору жерлерде, май куюучу жайларда;

— кинотеатрларда, театрларда, спорт аянтчаларында, циркте, концерт залдарында, ошондой эле маданий жана иш-чаралар өтчү жабык жайларда;

— китепканада, көргөзмө залдарында, аудиторияда;

— шаардагы салондордо, шаар аралык автобустарда, маршруттук таксилерде жана шаардык электротранспортто;

— сууда жана абада жүрчү транспортто;

— лифтте;

— элге кызмат көрсөткөн жабык жумуш орундарында;

— үйлөрдүн подъезддеринде;

— мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жайгашкан имаратта жана бөлмөдө;

— имараттар менен автостанция залдарында, автовокзалдарда, темир жол вокзалдарында жана аэропорттордо;

— атайын тамеки тартуу жайы каралбаган коомдук тамактануу жайларында (кафе, ресторан жана башка — ред.);

Тамекини, кальянды жана башка кошулмаларды атайын жабдылган жерлерде гана тартууга болот. Жабдууларга болгон талапты өкмөт бекитет.

Айып пулдар

Тыюу салынган жерде чылым чеккендерге эскертүү берилет же I категориядагы айып салынат (жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом).

Белгилей кетсек, айып пул өлчөмү боюнча сегиз категорияга бөлүнөт жана эреженин бузулгандыгына карап айып пул чегерилет.