Кар жаап, жолдор тайгак болот. Бир жумага карата аба ырайы

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. 6-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

7-8-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 8-январда күндүз кээ бир райондордо жамгыр жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

2019-жылы аба ырайы кандай болот? Дүйнөлүк илимпоздордун божомолу
9-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

Ал эми 10-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.

11-12-январда мезгил-мезгили менен кар жаап, абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.