Радио

Асрандиев: аймактагы ишкерлер үчүн бир топ жеңилдиктер каралды

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун төрагасы Эркин Асрандиев элеттик ишкерлер аталган фонддон насыя алуусуна бир топ жеңилдиктер каралганын айтты.
Sputnik
Асрандиев: аймактагы ишкерлер үчүн бир топ жеңилдиктер каралды

Өткөн жылы насыя берүүдө басымды элеттик ишкерлерге жасадык. Аймактык ишкерлерди ар тараптуу колдоо максатында жер-жерлерде фонддун өкүлчүлүктөрү ачылды. Бул тууралуу Эркин Асрандиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, фонддун аймактагы өкүлчүлүктөрү кардарларды керектүү маалыматтар менен камсыздап турат.

"Эми элеттик ишкерлер 200 миң доллардан кем эмес суммага жазылган долбоорду сунуштап, түз эле фонддун өзүнөн насыя ала алышат. Эгер долбоордун көлөмү 200 миңден аз болсо, биз менен иштешкен банктар аркылуу насыяга ээ болот. Ошондой эле жер-жерлерде фонддун маалыматтык өкүлчүлүктөрү ачылды. Мындан сырткары, ишкердин күрөөсү жетпей калган учурда жардам бергенге эки жылдан бери "Кепилдик фонду" жакшы иштеп жатат. Алар да аймактагы ишкерлерге мыкты колдоо көрсөтүшүүдө", — деди Асрандиев.

Ал Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу тарабынан Кепилдик фондусуна 2018-жылдын эсебинен 200 миллион сом бөлүнгөнүн кошумчалады.