Фрунзенин кышы жана кыздары. Жарым кылым мурдагы Кыргызстандын сүрөттөрү

Sputnik

Өлкөнүн совет доорундагы кыш мезгилин чагылдырган сүрөттөрдүн түрмөгүн сунуштайбыз. Биз менен жарым кылым мурдагы Кыргызстанды көрүп келиңиз.

1 / 10
Ызгаар суукка карабай жылмайып өз ишин аткарып жаткан Нарын облусунун Кара-Кужур айылындагы акушер. Сүрөт 1973-жылы тартылган.
2 / 10
Ак кар жамынган Фрунзеде сейилдеп жүргөн кыздар. Телефон будкаларын байкадыңызбы? Азыр мындай сүйлөшүү түйүндөрүн эч жерден көрө албайбыз.
3 / 10
Фотограф Кыргызстандын тоолорунда кар көчкү жүрүп жаткан учурду тартып калууга жетишкен
4 / 10
Азыркы Кыргызстан эл аралык университетинин жарым кылым мурдагы көрүнүшү. Имараттын ошондогу дизайны бүгүнкү күнгө чейин бузулган эмес.
5 / 10
"Россия" кинотеатрынын алдында жай баракат бара жаткан кыз. Сүрөттөн көрүнгөндөй, кинотеатрдын имараты ошондон бери өзгөрбөгөн.
6 / 10
Союздар үйү, 1967-жыл
7 / 10
50 жыл мурунку Бишкектин көчөлөрү: кызыл жоолук салынган кыз, папкасын колтугуна кысып бийкеч менен баарлашып турган жигит жана көк түстөгү "Волга" автоунаалары
8 / 10
Ак кар баскан тоо койнунда итин ээрчитип ат үстүндө бара жаткан жеткинчек
9 / 10
Сары-Челек коругун кыдырып жүргөн токойчулар. Сүрөт 1973-жылы тартылган.
10 / 10
Эңилчек мөңгүсүн багынткан альпинисттер