Ошто 44 жаштагы киши жээнин бычактап өлтүрдү

Ага-инилер жаңжалдашкан учурда соо болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө эркек киши жээнин өлтүрүп салган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады. 

Жети батирди бөлүшө албай түрмөгө түшкөн бир туугандар. Адвокат менен маек
Билдирүүгө ылайык, окуя 4-январда болуп, туугандар ортосунда пикир келишпестик жаралып, ал бычакташуу менен бүткөн. 

Маалым болгондой, 44 жаштагы киши өзүнөн 9 жаш кичүү жээнине бычак уруп өлтүргөн. Экөө жаңжалдашкан учурда соо болчу. 

Шектүү кармалып, учурда райондук ички иштер башкармалыгын убактылуу кармоочу жайында.