Пенсияга деген акчаны экскаватор менен алып кетишти. Италиядагы карактоо

Инкассатордогу акча Матер шаарчасынын элине пенсияга делген каражат болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Италиянын полициясы өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Апулия аймагында брондолгон инкассатор унаасынан эки миллионго чукул евро уурдаган каракчыларды издеп жатат. Бул тууралуу ВВС басылмасы кабарлады.

Төрт адамдан турган топ Бари шаарына жакын шосседе эки жүк ташуучу унаа менен акча салынган фургонду токтотуп, асманга ок чыгарып күзөтчүлөрдү коркуткан. Каракчылар дароо эки экскаватор айдатып келип, акча салынган фургонду консерва банкасындай үстүнөн ачтырышкан.

"Инкассатор унаасынын ичиндеги үч күзөтчү жабыркаган эмес, бирок катуу коркуп калышкан", — деп жазылат маалыматта.

Ошто аялдын үйүн карактады делип 2 эркек, 3 кыз кармалды. Анын экөө — өспүрүм
Окуя шаршемби күнү эртең мененки саат 07:30да болгон. Беткапчан, куралданган каракчылар ошол жерден башка эки унаа менен из жашырып кетишкен. Ал эми жүк ташуучу унааларды өрттөп, экскаваторлорду ошол жерге таштап салышкан.

Жыйынтыгында полиция кызматкерлери бир нече саатка жолду тосууга аргасыз болду.

"Акча Матер шаарчасынын элинин пенсиясы болчу", — деп жазылат билдирүүдө.

Италиянын Corriere della Sera гезити маалымдагандай, былтыркы жылы дагы ушул аймактан кылмышкерлер эки жолу экскаватордун жардамы менен инкассатор унаасын тоноого аракет кылып, бирок андан майнап чыкпай калган.