Бишкекте троллейбус менен автобустун айдоочусу мушташа кетти. Видео

№9 автобус троллейбус менен аялдаманын ортосуна кирип кеткен. Айдоочулар ортосундагы жаңжалга ушул учур себеп болгон.
Sputnik

Борбор калаада коомдук транспорт айдоочуларынын ортосунда мушташ чыгып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине шаардык кеңештин депутаты Евгения Бердникова билдирди.

Анын айтымында, окуя 5-январь күнү саат 16:20лар чамасында Сухэ-Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 

"Уулум менен №11 троллейбуста кетип бара жатканбыз. Бир кезде ал дароо токтоп, айнекке бир тийдик. Көрсө №9 автобус түптүз эле троллейбус менен аялдаманын ортосуна кирип кетиптир. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган жок, унаа эч нерсе болгон эмес. Кийинчерээк эки айдоочунун ортосунда уруш чыгып кетти. Аны №9 автобустун айдоочусу баштады. Троллейбус айдоочусу ачууга алдырган жок", — деди Бердникова.

Күбөлүгүңдү эч ким албайт! Инспекторлор айдоочуларга жаңы эрежелерди түшүндүрүүдө
Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчиси Артур Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан агенттигине учурда бул окуя териштирилип жатканын кабарлады. 

"Алдын ала маалыматтар боюнча жаңжалды автобустун айдоочусу баштаган. Ал коомдук транспорттун жолун тосууга аракет кылып, андан соң троллейбустун салонуна кирип жерге тыйындарды ыргыткан. Муштан ошондон  чыккан", — деди Өмүрзаков. 

Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан комментарий алуу мүмкүн болгон жок.