Бишкек шаарындагы фонтандар оңдолуп-түзөлүүдө

"Тазалыктын" кызматкерлери учурда Кыргыз улуттук филармониянын алдындагы фонтанды кароодон өткөрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Борбор калаанын аймагындагы бир катар фонтандар оңдолуп-түзөтүлүп жаткандыгын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 2
Борбор калаанын аймагындагы бир катар фонтандар оңдолуп-түзөтүлүп жаткандыгын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты
2 / 2
Күн суугандан кийин муниципалдык фонтандар тазаланып, "Ала-Тоо" аянтындагы 16 комплекстин кээ бир шаймандары алмаштырылууда.

Күн суугандан кийин муниципалдык фонтандар тазаланып, "Ала-Тоо" аянтындагы 16 комплекстин кээ бир шаймандары алмаштырылууда. Бир катарларын жалбырактардан, кумдардан, туруп калган башка нерселерден тазалап жатышат.

"Буга чейин Мамлекеттик тарых музейиндеги, "Күнөстүү балыктардагы", өкмөт үйүнүн, "Революциянын каармандарына" монументинин алдындагы фонтандар кароодон өткөрүлгөн. Алардын соргучтары, кыймылдаткычтары, суу түтүктөрү алмаштырылып, бир катар жерлери ширетилген", — деп билдиришти мэриядан.

"Тазалыктын" кызматкерлери учурда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын алдындагы фонтанды кароодон өткөрүүдө.