Токтогулда хорсбол боюнча үчүнчү чемпионат өтөт. Француздар реваншка чыгат

Салтка айланган оюн быйыл 22-февралда Жалал-Абаддын Токтогул районунда өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кыргызстанда үчүнчү ирет хорсбол боюнча аймактык чемпионат өтөт. Бул туурасында аталган спорттун түрү боюнча Кыргызстандагы федерациянын башчысы Мунарбек Кулданбаев билдирди.

КРдин футбол боюнча курама командасы Жаңы жыл күнү Палестинаны утуп алды
Хорсбол — Францияга таандык оюн. Анда баскетбол менен регбинин элементтери камтылып, оюнчулар ат үстүндө беттешет. Мелдештин максаты — жерден үч метр бийиктикте орнотулган атаандаштын алкагына болушунча топту көп салуу. Ар бир командада төрттөн оюнчу болуп, 10 мүнөттүк эки таймдан турат.

Жыл сайын өтчү оюн быйыл 22-февралда Жалал-Абаддын Токтогул районунда өтөт. Ага жергиликтүү 8-10 команда катышары күтүлүүдө. Ошондой эле Франциянын алдыңкы делген ProElite курама командасы Кыргызстан менен реванштык беттешке келишет. Белгилей кетсек, былтыр кыргызстандык оюнчулар суперфиналда француздарды утуп алган болчу.

Былтыркы хорсбол мелдешинен тартылган ирмемдерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрө аласыздар.