Полициянын капитаны 30дай бөкөн атып кармалды. Казакстандагы окуянын сүрөтү

Бөкөн Кызыл китепке киргизилип, тукум курут болуу коркунучунда турган жаныбар.
Sputnik

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Казакстандын Караганда облусунда бөкөнгө мыйзамсыз аңчылык кылууга райондук полициянын капитаны шектелип жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, браконьерчиликти "Охотзоопром" ишканасынын кызматкерлери 25-декабрь күнү аныктап чыккан. Бул тууралуу Токой чарбасы жана жаныбарлар дүйнөсү комитетинин басма сөз катчысы Сакен Дилдахмет өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирген.

Өз аймагын текшерүүгө алган айлана-чөйрөнү коргоо инспекторлору Жанбобек айылынан он чакты чакырым алыстыкта Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү эки жолтандабастын турганын көрүшкөн. Эки унаа тең бузук экени аныкталып, жүрө албасы белгилүү болгон. Машиналардын кайдан келе жатканын билүү үчүн изи менен жүрүп отуруп инспекторлор талаадан атылган 18 бөкөндү көрүшкөн.

Ысык-Көлдө элик аткан браконьер 50 миң сом айыпка жыгылды
Жашырынып жүргөн браконьерлердин бирин табууга аймактык полиция кызматкери көмөктөшкөн. Жергиликтүү тургундардын жардамы менен коңшу Улытау районунун Алгабас айылынан аймактык полиция кызматкери, капитан М.Бралинов кармалган. Анын сарайынан дагы 12 бөкөн табылган.

Сотко чейинки иликтөө башталып, териштирүү иштери Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү ("Сейрек кездешүүчү жана жок болуу коркунучунда турган жан-жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылуу") боюнча жүрүп жатат. Тергөөчүлөр учурда мыйзамсыз ишке дагы кимдин тийиштиги барын аныктоодо.