UFC боюнча 2018-жылы мыкты деп табылган нокауттун видеосу

Аралаш мушташ боюнча MMA Fighting спорттук порталы 2018-жылдын жыйынтыгын чыгарып, UFC боюнча мыкты нокаут ээсин атады.
Sputnik

UFC башчысы Конор менен Хабибдин реваншы качан боло турганын айтты
Абройлуу порталдын редакциясы UFC эрежесиз эр уруш уюмунун алдында өткөн жүздөгөн беттештерди карап чыккан. Жыйынтыгында мексикалык Яир Родригестин корей мушкери Чан Сон Жонго жасаган соккусун мыкты деп тапкан.

Аталган мелдеш былтыр 10-ноябрда UFC Fight Night 139 оюнунун алкагында болгон. Кармашта мексикалык мушкер акыркы секунддарда атаандашын тоголото чапкан. Алардын кармашы уюмдун 25 жылдыгына арналган турнирдин көркүн ачкан.