БИШКЕК, 3-янв.— Sputnik. Кытайлык компания бийиктиги 468 метр болгон "Чыгыш бермети" телемунарасын миңдеген чакырым алыстыктагыларга эң сонун сапатта көрсөтүп берди. Жакындатып көрсөткөн зумдун жардамы менен адамдардын жүзүн да көрүүгө болот.
Бул өзгөчө ыкма — 195 гигапиксель. Бир гигапиксель миллиард пиксель болуп эсептелет. Эгерде салыштырып билем десеңиз, сиздин көтөрүп жүргөн смартфонуңуз тарткан сүрөт 12 мегапикселди түзөт.
Bigpixel берген маалыматтарга караганда, бул сүрөттү планетадагы көп адамдар карап жатат. Буга чейин 8 миллион ирет көрүшкөн.
Эгер техникалык жактан алсак, бул 360 градустук панорама. Ал бир нече сүрөттөн "жамалып" жасалып, көлөмү боюнча дүйнөдө үчүнчү, ал эми Азия аймагындагы биринчи эмгек болуп калды.