Майрам бүттү, эсти жыялы! Кыргызстанда жоголгон документти кантип тапса болот

Жоголгон документтер негизинен Бишкек шаарындагы Ибраимов көчөсү, 99 дарегиндеги "Табылгалар" бюросуна жеткирилет.
Sputnik

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Кыргызстанда жоголгон документти кантип туура издөө керектигин Мамлекеттик каттоо кызматынан түшүндүрүштү.

Мамкаттоонун электрондук кызматтар порталында "Табылгалар бюросу" бар. Ага кирип, издөө системасына документ ээсинин персоналдык идентификациялык номерин жазасыз. Система табылгалар базасында сиз издеп жаткан паспорттун же күбөлүктүн бары-жогу тууралуу бир нече ирмемде жооп берет.

"Ош" базарынан 400 паспорт табылды. Дагы кандай документтер көп жоголот
Ыңгайлуу жагы — "Табылгалар бюросунун" маалымат базасына түшкөн паспорттор тууралуу маалымат онлайн режимде аймактардын паспорт берүү бөлүмдөрүнө жетип турат. Мындай учурда шашылыш түрдө жаңы паспорт алуу зарылдыгы жоголот. Анткени документ ээсинин колуна тийгиче паспорт берүү бөлүмүнүн кызматкерлери андагы маалыматтарды бирдиктүү базадан көрүп турат.

Мамкаттоо кызматынан кошумчалашкандай, жоголгон документтер негизинен Бишкек шаарындагы Ибраимов көчөсү, 99 дарегиндеги "Табылгалар бюросуна" жеткирилет.

2018-жылдын 1-январынан 1-декабрына чейин өлкө аймагында 706 паспорт, 80 айдоочулук күбөлүк, 96 туулгандыгы тууралуу күбөлүк, 110 нике тууралуу күбөлүк жана башка документтер табылган. Анын ичинен 400дөй паспорт Бишкектеги "Ош" базарынын эле аймагынан табылган.

Мындан улам аталган кызмат элди өз документтерине сак болууга чакырат.