Импотенция жаш-карыга карабайт. Оорунун себептери тууралуу

Уролог эркектин төшөктөгү алсыздыгына эмне себеп болгонун жана аны туура дарылоо жолун дарыгер гана так белгилей аларына токтолду.
Sputnik

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Импотенциянын себептерин органикалык жана психогендик деп аталган эки чоң тайпага бөлүүгө болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Европалык урологдор ассоциациясынын мүчөсү, медицина илимдеринин кандидаты Зуфар Хакимходжаев айтып берди.

Анын айтымында, ушу тапта импотенцияга жашы да, карысы да кабылууда.

"Эркектин саламаттыгы нейрогендик, кан тамыр, эндокриндик, анатомиялык жана дары-дармектерден улам да бузулушу мүмкүн. Бул органикалык себептерге кирет. Мындан тышкары, импотенцияга стресстен, психологиялык көйгөйлөрдөн улам дагы кабылуу мүмкүнчүлүгү күч. Бул психогендик себеби болот", — деди Хакимходжаев.

Уролог эки себеп бири-бири менен байланышта болорун белгиледи.

Окумуштуулар импотенцияга себепчи болгон генди тапты
"Мисалы, органикалык себептен улам импотенцияга кабылган эркек сөзсүз түрдө психологиялык жактан да жабыркайт. Айрым учурда бир-эки ирет жолу болбой калган саламаттыгы жакшы эркек ошол учурларын эстеп, аял менен жакындашууда тоскоолдукка кабылышы мүмкүн", — деди дарыгер.

Хакимходжаев эркектин төшөктөгү алсыздыгына эмне себеп болгонун жана аны туура дарылоо жолун дарыгер гана так белгилей аларына токтолду. Дарыгердин айтымында, медицинадагы бүгүнкү жетишкендиктер импотенцияны мурункудай оор илдет катары кабыл албайт.