Боорун бербеген табият. Аравияны каптаган чөлдүн укмуштуу сүрөттөрү

Фотограф сюрреалисттик сүрөттөрү менен табияттын адам баласы менен алпурушкан күрөшүн чагылдырган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Австралиялык дизайнер жана фотограф Ириней Херек Бириккен Араб эмирлигин асмандан тартып, жаратылыштын күчүн көрсөткөн.

Ондогон жылдар мурун Дубай менен Абу-Дабинин азыркы асман тиреген курулуштар менен соода жайлары жайгашкан жери чөл эле.

Кыска убакыттын ичинде адам баласы аталган аймакты өз ыңгайына ылайыкташтырып алды. 

Буга карабастан табият такымдап, боорун бербей келет.