БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Жылдын жаңырышы менен WhatsApp мессенджери айрым телефондордон ачылбай калат. Бул тууралуу компаниянын сайтына шилтеме берип, РИА Новости жазды.
Мессенджер 1-январдан тарта Nokia Series 40 операциялык системасындагы телефондордо иштебей калды. 2012-жылы дүйнө жүзү боюнча мындай аппаратты 1,5 миллиард адам колдонгондуктан, тиркемени колдонууга мүмкүнчүлүк берилип келген.
Ошондой эле WhatsApp Android смартфонунун 2.3.7 жана андан эскирээк версияларында дагы жеткиликсиз болуп калары айтылды. Бирок бул чектөө 2020-жылдын февраль айында гана ишке ашары белгилүү болду.