Мэйвезер: япон мушкери менен спарринг өткөрүп, 9 млн. доллар таптым

Америкалык боксчу атаандашын биринчи раундда эле нокаут менен уткан.
Sputnik

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Америкалык Флойд Мэйвезердин кенжеси Instagram баракчасына япониялык кикбоксчу Тенсин Насукаваны утуп, акысына 9 миллион доллар тапканын жазды. 

Беттеш 31-декабрда Сайтама (Япония) шаарында өткөн. 41 жаштагы Мэйвезер 20 жаштагы япониялык спортчуну беттештин биринчи раундунда техникалык нокаут менен уткан. Америкалык спортчу атаандашын үч ирет нокдаун кылганга үлгүргөн.

Бокс боюнча өткөн беттеш жолдоштук оюн болгондуктан мушкерлердин рейтингин аныктаган расмий сайтка киргизилбейт. Атаандаштар бокстун кол каптары менен 67,7 килограмм салмакта беттешти. Спортчу мелдеш үч раунд үч мүнөттөн коюлганын айтып берди.

"Мен 9 мүнөттүк спарринг өткөрүп, 9 миллион доллар таптым. Мага муну тогуз мүнөттүк сейилдөө деп атаган жакты", — деп жазган Мэйвезер.

Нурмагомедовдун атасы уулу Мейвезер менен качан беттешиши мүмкүн экенин айтты
Беттеш бүткөндөн кийин Мэйвезер атаандашына ыраазычылык билдирип, карьерасын жыйынтыктап жатканын айтып, мындан ары бокска катышпайм деген. Чемпион бул мелдешке япониялык күйөрмандарына кубаныч тартуулаш үчүн келгендигин айткан.

Мэйвезер профессионалдуу рингде 50 беттеш өткөрүп, бардыгын тең жеңген. ЖМКлар Мэйвезер ирландиялык Конор Макгрегор менен өткөргөн беттешинде 300 миллион доллар тапканын жазышкан.