Кытай: жердин силкинеринен кабар берчү система иштелип жатат

Сейсмологиялык бул долбоор 2022-жылы ишке берилери айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 2-янв — Sputnik. Кытай жер титирөөнү кабарлай турган дүйнөдөгү эң ири системаны ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу CGTN каналына шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Жердин силкинүүсүнөн көп жабыркаган Кытайдын аймагында бул системаны иштетүү үчүн жерге 15 миң сенсор орнотулуп, алар импульсту сезгенде дароо бирдиктүү борборго кабар бере баштайт.

Ал эми  Башкаруу борбору жер титирей турган аймактардын жашоочуларынын уюлдук телефонуна бул кабарды жөнөтөт.

“Мындай жол менен жарандарда имараттан чыгып,  коопсуз жерге жашынууга бир нече секунддук убакыт пайда болот”, — деп айтылат макалада.

Аталган система өзү маалымат алгандан кийин кабарды башкаларга эки секунддун ичинде жеткирет.