Чырайлуу, ич кийимчен, бай... Миллиондорду тапкан сулуулардын сүрөтү

Sputnik

2018-жылдын соңунда Forbes тизме жарыялады. Алар — мода көргөзмөлөрүндө жылдыздай жанган, белгилүү журналдардын мукабасынан түшпөгөн, миллиондогон акчага реклама келишимдерин түзгөн моделдер.

1 / 10
Рейтингдин сап башына экинчи ирет Кендал Женнер чыкты. Бир жыл ичинде 23 жаштагы сулуу 22,5 миллион доллар тапкан
2 / 10
Экинчи орунда 13 миллион доллары менен Карли Клосс турат
3 / 10
Крисси Тейген 11,5 миллион доллар кирешеси менен үчүнчү сапка илинди
4 / 10
Жаш баласы бар Роузи Хантингтон-Уайтли 11,5 миллион доллар акчасы менен чүрпөсүн эч кыйынчылыксыз багып кетмекчи. Баса, ал төртүнчү орунду камсыздады
5 / 10
Бешинчи орунда Жизель Бундхен турат. Ал быйыл 10 миллион доллар тапкан
6 / 10
Кара Делевиндин былтыркы иштеп тапкан акчасы 10 миллионду чапчыды
7 / 10
Жиджи Хадид 9,5 миллион доллары менен жетинчи орунга чыкты
8 / 10
Ал эми Белла Хадид эжесинен кем калышкан жок, былтыр бул сулуу 8,5 миллион доллар тапкан
9 / 10
Тогузунчу орунду Жоан Смоллс 8,5 миллион доллары менен ээледи
10 / 10
Тизмени онунчу болуп Даутцен Крез сегиз миллион доллары менен жыйынтыктады.