UFC 232: бетке, көзгө тийген муштумдардын видеосу. Нунистен тарта Жонско чейин

Узаган аптада АКШнын Лос-Анджелесинде аралаш мушташ боюнча UFC 232 турнири өттү. Спорттук уюм мелдештин эң кызыктуу жерлерин YouTube хостингиндеги каналына жүктөдү.
Sputnik

Кеченин башкы беттешинде орточо оор салмакта америкалык Жон Жонс менен швециялык Александер Густафссон чемпиондук наам үчүн кармашып, натыйжада америкалык спортчу техникалык нокаут менен жеңишке ээ болду.

Валентина Шевченко күйөрмандарына төрт тилде жаңы жылдык куттук айтты
Кеченин дагы бир маанилүү кармашында бразилиялык Аманда Нунис өзүнүн мекендеши, легендарлуу чемпион, 65 килограмм салмактагы  Крис Сайборгду биринчи раундда эле нокаутка кетирди. Буга чейин Нунис 61 килограммда чемпион болсо, эми UFCнин тарыхында эки салмак категориясы боюнча мыкты аталды

Эске салсак, Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко Нуниске эки ирет утулган. Кыргызстандык спортчу  бул мелдеште курбусу Сайборгго жан тартарын айткан

UFC 232 турниринде жалпысынан 13 беттеш өтсө, анын бешөө негизги кард деп эсептелген.