Окумуштуулар баш жазуунун эң жакшы ыкмасын атады

Газдалган суу алкоголдогу зыяндуу заттардын чыгышын шарттай турганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Баш жазуунун эң жакшы ыкмасы лимондун газдалган ширеси экендигин Известия маалымат агенттиги Гуаньчжоудогу (Кытай) Сунь Ятсен университетинин окумуштууларына шилтеме берип жазды.

Бөйрөктү талкалайт! Газдалган таттуу суусундуктардын зыяндуу жагы айтылды
Алардын айтымында, лимон кошулган газдалган суу ичимдиктен кийин организмде көбөйө турчу ацетальдегиддин топтолуусун азайтканга жардам берет.

Ошондой эле газдалган суу ферменттерди жандандырат, алар сиңүү процессин тездетип, алкоголдогу зыяндуу заттардын чыгышын шарттайт.

Кызыгы, ичимдиктин организмге тийгизген жакшы таасири да бар экен. Кызыксаңыз материалдан окуп коюңуз.