БИШКЕК, 1-янв. – Sputnik. Магнитогорск шаарындагы газ жарылган үйдүн урандыларынын алдынан жети адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМге шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Буга чейин беш кишинин сөөгү табылганы айтылса, учурда каза болгондордун саны жетиге жетти. Анын ичинен бешөөнүн сөөгүн жакындары тааныды. Дагы беш адам ооруканада, алардын бири өтө оор абалда", — деп жазылат кабарда.
Эске салсак, Челябинск облусундагы Магнитогорск шаарында 31-декабрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 04.00дө көп кабаттуу үйдүн подъезди урап калган. Урандынын алдында 40ка жакын адам болушу мүмкүндүгү болжолдонуп жаткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, көп кабаттуу үйдөн газ жарылган.