11 айлык бөбөк тирүү табылды! Магнитогорскиде уранды алдынан алып чыгышты

Акыркы маалыматтарга караганда, кырсыктан сегиз адам каза болгон. Дагы 35 адамдын тагдыры али белгисиз.
Sputnik

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Магнитогорскиде кырсыктаган үйдүн урандыларынын алдынан 11 айлык наристени куткаруучулар тирүү таап чыгышты. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. 

Эске салсак, 31-декабрда Магнитогорскидеги Карл Маркс, 164 дарегиндеги тогуз кабаттуу үйдө жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 4:00дө газ жарылган. Имараттын кире беришинин бири урап түшкөн. Анда 46 киши жашаган 26 батир талкаланган.

2019-жылы кандай окуялар болот? Нострадамус менен Ванганын айтып дегени
Акыркы маалыматтарга караганда, кырсыктан сегиз адам каза болгон. 13 жашар баланы кошкондо беш адамды урандылардын арасынан куткарууга мүмкүн болгон. Алар учурда оорукана жатат, бирөөнүн абалы оор экени айтылууда.

Дагы 35 адамдын тагдыры али белгисиз.

Тергөөчүлөр абайлабагандыктан адам өмүрүнө зыян келди деген берене менен кылмыш ишин козгоду.

Буга чейинки маалыматта имараттын дагы урап түшүү кооптуулугунан улам издөө иштери токтотулгандыгы жөнүндө айтылган.

Бүгүн, 1-январда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Россия лидери Владимир Путинге жана орус элине көңүл айтты.