1-январдан тарта 134 кыргызстандык гемодиализ акысын жанынан төлөбөй калды

Мындай кадам Милдеттүү камсыздандыруу фондусунун алкагында жасалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. 2019-жылдын 1-январынан тарта бөйрөгү ооруган 134 адам гемодиализди жеңилдетилген шартта ала баштады. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Мындай кадам Милдеттүү камсыздандыруу фондусунун алкагында жасалууда.

"Бүгүнкү күндө гемодиализ кызматын бюджеттин эсебинен 554 киши, жеңилдетилген шарт менен 764 оорулуу пайдаланып келет", — деп айтылат маалыматта.

Гемодиализ — курч кармаган жана өнөкөт бөйрөк ооруну аппараттын жардамы менен иштеткен "жасалма бөйрөк".