Бир ачылып, бир бүркөлүп... Эс алуу күндөрүндөгү болжолдуу аба ырайы

Эс алуу күндөрү өлкөнүн бардык аймактарында маал-маалы менен кар жаап турат.
Sputnik

БИШКЕК, 1-янв. – Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 2-7-январь күндөрүндөгү болжолдуу аба ырайы боюнча маалымат таратты.

2-январда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Азайыптыр! Жаңы жылдын түнүндө "Ала-Тоодон" 4 тонна таштанды чыкты
3-4-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чукулдайт.

Ал эми 5-январда кайрадан өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, 6-январда күн ачык болушу ыктымал. Жолдор тоңуп, тайгак болот.

7-8-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Анткен менен 8-январда айрым аймактарда күн бир аз жылып, бирок айрым жерлерде кар жаайт.