Испаниянын тургундары ун, жумурткалар менен "салгылашкан" видеосу

Аталган фестиваль жыл сайын белгиленип келет.
Sputnik

Испанияда аңкоо чалыш адамдардын күнү белгиленди. Анда Иби шаарынын тургундары ун жана жумуртка менен чабышып "беттеш" өткөрдү.

Кызык каада. Индиядагы бири-бирин ташка алган фестивалда көп киши жабыркады
Иш-чарада адаттагыдай катышуучулар эки топко бөлүнүп, бири аскер кийимдерин кийип алып төңкөрүш уюштуруп, өздөрүнүн өкмөтүн дайындашса, экинчи тарап оппозиция болуп башаламандыкты токтотууга аракет жасаган.

Алар курал катары ун, жумуртка, петарда жана өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонгон.

El Dia de los Santos Inocentes (Аңкоо чалыш адамдардын күнү) 200 жыл мурун башталган. Ал фестиваль жыл сайын 28-декабрь күнү белгиленет.