Фарид Ниязовдун бир тууган агасы каза болду

Ал кишинин буга чейин ооруп келгендиги айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. КСДПнын Саясий кеңешинин мүчөсү, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун бир тууган агасы Манас Ниязов кайтыш болду. Бул кабарды КСДПнын маалымат кызматы таратты.

"Манас Ниязов узакка созулган оорудан көз жумду", — деп айтылат маалыматта.

Ал 62 жашта эле.

Маалымат кызматы Манас Ниязовдун качан каза болгондугун так жазган эмес.