АКШ ЮНЕСКО уюмунан расмий түрдө чыкты

Тийиштүү чечим 31-декабрдан тарта күчүнө кирди.
Sputnik

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттары Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданият боюнча мекемесинен (ЮНЕСКО) расмий түрдө чыкты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

АКШ ЮНЕСКОдон чыгуу ниетин 2017-жылы октябрда билдирип, 31-декабрдан тарта чечим күчүнө кирди.

Кыргыз күрөшү ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине кириши мүмкүн
Расмий Вашингтон мүчөлүктөн чыкканы менен байкоочу статусуна ээ болуп, мүчөлүк үчүн акча төлөбөйт жана Дүйнөлүк мурастар комитетине шайлана албайт.

Кошмо штаттары буга чейин да 1984-жылы президент Рональд Рейгандын тушунда ЮНЕСКОну антиамериканизм менен ысырапкорчулукка айыптап, уюмдан чыгып кеткен. Бирок 2003-жылы кайра кирген.

АКШ бул жолу араб-израиль жаңжалындагы пикир келишпестиктен улам ЮНЕСКОдон чыгып жатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданият боюнча мекемеси (ЮНЕСКО) 1945-жылы 16-ноябрда түзүлгөн.