Бишкекте шахмат боюнча өлкө биринчилиги уюштурулат

Анда дүйнө жана Азия биринчилигине катыша турган оюнчулар тандалып алынат.
Sputnik

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Борбор калаада үч күн бою шахмат боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Өзүнөн улуу атаандаштарын жеңген шахматчы. Гениалдуу кыздын баяны
Маалыматка ылайык, чемпионат 4-5-6-январь күндөрү Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде уюштурулат. Ага 6 жаштан 18 жашка чейинки кыздар жана балдар катышат.

Иш-чаранын максаты — спортчулардын чеберчилигин арттыруу, күчтүү оюнчуларды дүйнө жана Азия биринчилигине катыштырууга тандап алуу.