Мэр кылмышкерлердин колунан каза болгон милиционердин уулуна белек берди

Мэр бардык каттарды окуп чыгып, балдарга белектерин тапшырды.
Sputnik

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон милиционердин уулуна жаңы жылдык белек берди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, кичинекей балдар калаа башчысына кат жазышкан. Мэр алардын баарын окуп чыгып, белектерин тапшырды.

1 / 4
Кичинекей балдар калаа башчысына кат жазышкан.
2 / 4
Мэр алардын баарын окуп чыгып, белектерин тапшырды.
3 / 4
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов балдарга жаңы жылдык белек берди.
4 / 4
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов балдарга жаңы жылдык белек берди.

Алардын арасында 2011-жылы кылмышкерлердин колунан набыт болуп, кийин "Эрдик" медалы ыйгарылган милиционердин сегиз жаштагы уулу Азимхан дагы бар. Ал Азиз Суракматовго мындай деп жазган:

"Мага мэр Аяз атанын чабарманы экенин айтышып, каалоолордун бардыгын аткарат дешти. Мен үй-бүлөмдү жана классташтарымды сүрөткө тартыш үчүн телефон алгым келет", — деп окуучу катка жазган.

Мэр анын тилегин орундатып, сураган белегин тапшырды.

Мындан сырткары, 10 жаштагы Омар апасына кир жуугуч машина сураса, 2-класстын окуучусу күн системасы жөнүндө энциклопедия сураган. Калаа башчы алардын дагы тилегин орундатып, балдарды кубанычка бөлөдү.